Кирүү

Асан Жакшылыков. Комуз күүсү

Боз үйгө кирген жан жок, чыккан жан жок
убакыт, кыймыл, агым, шамал токтоп.
Бир гана комуз күүсү шабырланат
шаа жеткиз кудуретке жеткен окшоп

төгүлөт, толкун элейт, жорго салат
касиет кайгы күчүн унуткарат.
Эл менен кошо тыңшап, уу чача албай
ок жылан босогого туруп калат.

От күйөт, тээ ободо жылдыз жанат.
От жүрөк оргуйт, эргийт, туталанат.
Ансайын эл албаарып, тоо селейип
токтобой күү асманга агып барат.

Комузчу моюн бербейт кайгы-муңга
Комузчу сиңип кетип сан кылымга
турмуштун түбөлүктүү жагын издейт
өмүрдү өзгөрткөндөй күүгө, ырга.

Так сүйлөп тагдыр жайын болбойт жоруш,
талантты элге ойнотуп үч кыл комуз,
укумдан тукумуна мурас айтып,
бекитет муунубузду мукам добуш

Ой-пикирлер