Кирүү

Асан Жакшылыков. Эңсеткен жаз

I
Кебинин аягына чыга албады...
Жаз кабарын угузган жашаң күнгө
кыш кычырап, кеч кире кыйярланды.
Кантсе да, арга барбы
алай-дүлөй түшкөн менен
арканы, кабы дагы
эртеси эрип калды.
Салтанатка келгендей жайраңдаган,
тартынбай эч нерседен сайраңдаган
жаз, мына, келип калды!

II
Кайкып-ойкуп канаттарын кагышып,
кабар айтып, топ-топ болуп жарашып,
кетти дешип кыштын эми бийлиги,
козгол дешип, кара жердин тирлиги
кубанычты куштар салып жарыя,
кудуңдашып "ЖАЗ ПАДЫША КЕЛДИ"–деп,
канат күүлөп кабар айтты жабыла!

III
"Эмне дейт" деп, жер алдында
жаткан тамыр болк этти!
"Жаз келди" деп, кулагына
жака белден суу жетти.
Көктөм–бала мойнун созуп,
көктү артыла карады.
Эки элидей өсө түштү
эңсеп турган сабагы!
Каакым сулуу деле койгун
бажырайып, тазарып,
жол боюна эрте чыкты
калктан мурун жасанып.

IV
Тайлак эрке тайралаңдап, оюн сала жүгүрдү
"кой десең" да угаар эмес, угаар эмес тилиңди,
"колу–буту сынбаса экен!"–
коопсунуп төө боздойт,–
тайралаңдап тайлак кетсе,
эмчеги ийип, эмитеден
энекеси көп жоктойт.
V
Аары атайы балын жайып, —
сыйлап жаткан коногун,
учуп сыртка чыкты дешет
угуп жаздын обонун!
Сүйүнчүнү алайын деп
кара коңуз оенуң
кумурскага кетти дешет,–
кое туруп, кое туруп
аңгемесин, жомогун.
Кумурскалар угуп алып,
сыртка жайнап чыкты дешет,
кечке дейре жолду түзөп,
жаз жардыгын тутту дешет!
Кескелдирик төшүн кактап,
ысык ташка жатты дешет,
бакалар го бажакташып,
көрдүңбү деп келген жазды,–
тамашага батты дешет.
VI
Элди тоого көчүрөм деп,
элкайда көчөт убара!
Жабалактап бүчүрлөрдүн
бүрдөгөнүн сураба!
Көпөлөк го ак канатын
желпип желге кубана
Өттү дешет, ойкуп–кайкып
көлөкөсүн кубалап
VII
Кулпурду дүйнө шаттанып
кубаныч жазы башталып,
төгүлүп турса асмандан
төмөндү карай ак жарык.

Жер менен көктүн арасы
жиктешип кетти, карачы!
Шоокуму жаздын туюлат
шилтенсе куштун канаты

Нур түшсө көктөн агылып,
жыргалга дүйнө багынып,
кеткени келип түптүгөл
кеңирсийт дүйнө жаңырып.
VIII
Ыйынбай жазылган
ыйманы ачылган
ырлардай;

Жүрөккө угулган,
көңүлгө туюлган
сырлардай;

Кубанткан–дил сезген,
бир келип, бир кеткен
жыргалдай–

агымды туйдуңбу,
аракет кылдыңбы
кур калбай?

Өтпөстөн ай–жылың,
өлбөстүк барлыгын
туйгандай–

жадырап жайнап кал,
ж а з ы ң д ы кармап кал
буйдалбай!
IX
Теребелди тиктеп турсам
арылгансып санаадан,
трактордун үнү жерди
айдап жатты талаада!
X
Жаз кайрылып келген чакта
жан дүйнөңдө ойгонуу,
көз алдыңда тирлик аста
жаңыланып болгону
бир карасаң кандай жетик
турмуш турса тазарып,
бири калбай бирдей өсүп,
бүт теребел жашарып.
Төрт мезгилдин ыраат менен
алмашылып жылганы,
каркыранын канатынын
кайтып келген ыргагы,
бүчүрлөрдүн ачылганы,
гүл курактын жайнашы,
куш даракка конуп алып
кумар жаза сайрашы:

"Адам, жаңыр, көңүлүңдө
кайгың калган өңдөнбөй,
биздей эрги!–өмүрүңдө
жазды жаңы көргөндөй!"
бүт айланам, бүт айланам
сайран куруп аткансыйт.
Баары текши жаңыланып,
баары черин жазгансыйт!
XI
Көгөөн жүрөт зыңылдап,
чымчыктар го чырылдап,
миң бир түркүн жаңырып,
токой турду ыр ырдап.

Демди жутуп ичиңе
тыңшап турсаң кичине,
жан жыргаткан бейпилдик
келет экен кишиге.

Көндүм болгон адатпы
жел ийгеди канатты!
Токой ичи салкындап,
күн төмөндөп баратты.

Түнөрүп да, карарып,
нур тамган жер агарып,
карагайдын бетинде
күн-көлөкө жаралып.

Аба жеңил, таптаза!
Дүйнө көшүй баштаса
кыйгач тийген күн нуру
куса кылат башкача.
XII
Жышаанасы күлмүңдөп
күн турат көктөн күлгүн деп.
Май айы мени чакырат
майрамга бирге жүргүн деп.

Көрсөтүп жайган килемди–
көз жоосун алган шиберди,
көңүлдү өрдөп жаз деми
бооруна сүйүү имерди.

Асмандан туйдум агымды,
ах, жыргал, денем жайылды!
Кийимди чечип таштадым
кызыткан кезде канымды.

Таалайым артып бүрдөдүм,
талаадай мен да гүлдөдүм.
Май айын эргип шаштырып,
магдырап жолго жүр дедим!

Кебимди угуп жактырып,
күн кошо күлдү каткырып!
Өрөпкүп майды ансайын
колтуктайм көөнүн шат кылып.

XIII
Куттук айтып, кушу сайрап угузган,
күн көрүндү көтөрүлүп чыгыштан,
кол чабышты!–дүйүм дүйнө жаркыды
мойнун созуп күндү күтүп турушкан.

Жел жүргөндө термеп, желпип, аймаган
куш тынымга тынчый түшүп кайрадан
безеленип, безеленип таңшады
бейкут нурга жуулуп жатса айланам.

Дарак учу бир аз бийлеп, чайпалып,
жайыкта чөп жапырылып, жайкалып,
бу дүйнөнүн ырахатка батканын,
бу дүйнөнүн кай жыргалын айталык!

Кайың желге каадасынча буралат,
нур, көлөкө бирин-бири кубалап
айланчыктап, айкалышып ойнойт да
бирге туруп бир нерсеге кубанат.

Эмнегедир жарпым толук жазылып,
көөнүм чайыттай булуту жок ачылып,
өзү жетик, улук укмуш дүйнөгө
айта албадым туйганымды батынып.

Дилим ысып карап турдум оюнун,
салтанаттай бул сапаркы жолугуум,
келгенимди бөлөк-бөтөн сездирбес
көрүнүштү жакшылыкка жорудум.
XIV
Күндүн нуру ачып берди
гүлдүн жыттуу чанагын.
Көптөн күткөн учур келди
ким түшүнөт абалын?–
Кыялга мас, көңүлү наз
өңү-түсү келишкен,
гүлдө дагы өмүрү жаш
күтүү жашайт неликтен?
Желге чачып жыпар жытын
же ачылбай кое албай,
аары сылайт жакын учуп
аптыкканын жое албай
Үнү мукам андан бетер
канаттары дирилдеп,
жыпарлыкка оңой бекен
жыт көлүнө киринмек?
Жактырат да коно калбай
сүрдөп, ырдап турганын,
арга калбай, бакыт бардай
гүл туюнат жыргалын
XV
"Туйдуңбу деп өмүрдүн
гүлдөп турган убагын?"
Жаз демине делөөрүп,
жыттап гүлдөн сурадым
Куштар болсом жообуна,
жооп айтыштын ордуна,
жыпар жытын аңкытты!–
жүрөгүмдү жаркытты,
сүйкүм неме буралып
буйгу салды сезимге,
эңги-деңги кезимде
эмнени укту кулагым?
Айткан сөздү аңдабай
ай, бүшүркөп турамын,
өзүңчү деп наздана
сурадыбы уяңым,
ай, олдоксон жаным ай
эми кандай кыламын?!
XVI
Турам текши гүл жайнаган талаада,
туш тарабым алоолонуп, албырып.
Канча түс бар! Кай тарапты караба,
кубанычтан сөз табалбайм кардыгып.

Кылт-кылт этет кызыл-тазыл гүл туйлайт,–
кытыгылап жел эпкини өткөндө.
Жүрөгүмө жазгы лаззат эч сыйбайт
карегиме гүлдөр толуп кеткенде!

Бул бир бакыт! Улуу жаздын илеби,
улуу Күндүн нуру туйлайт, элиртет.
Табигаттын талаа–түстө килеми
таңыркатат, тартып бойго берилтет.

Көпөлөктөй конуп, учуп кетким бар,
көйкөлөмүн, көшөлөмүн жытына.
Кең турмушта кошо гүлдөп кетким бар,
кошулгум бар–гүлү ачылган кызына!

Эх, табият! Элирттиң го жүрөктү,
эмне деген кубанычты кармадым?!
Сүйкүм сезип ушул, укмуш мүнөттү
сүрдөгөндөн гүлдөн үзө албадым.

Колум менен сылап баркут чанагын,
мен да кошо турдум жерге тамырлап.
Кең асманга ажарлана карадым,
эркиндикке эрким менен байырлап.

Гүлдүн ырын кең талаада укканда,
богок жарып күндү карай ачылдым.
Торгой өңдүү кең мейкинге чыкканда,
деми жаздын ырга айланып жазылды!
XVII
Көтөрүп там-туң баскан каралдымды,
күүгүмдө эл эс алган жайга барам.
Көрсөтүп: гүлдү–жаз деп, чөптү–жаз деп
көлкүлдөп, боорум ысып, жыттап калам.

Жайылып дене бойдон чарчоо кетип,
жан сүйкүм, эркелетсем, балакайын,–
колума конуп алып карап өтөт
алайып айланада элдин баарын.

Эреркийм, эртең, эле эселегим
эл уулу болгондугун көргүм келип,
ал көшүп уктап калат, тырнактайым
коюлган күүгүмдөгү абага эрип.

Кубанам, ичим жылыйт, мээрим бөлөм
кандайдыр күүсүн угуп бак–таалайдын.
Көшүлүп уктап калса колдо бөбөк
көтөрүп тургансыдым көктүн айын.
XVIII
Күндү сүйгөн жергемдин
күн төшөлүп жолуна,
күндү сүйгөн жеңемдин
бала түшөт оюна.

Айды сүйгөн жергемдин
ай төшөлүп жолуна,
ай жыттанган атанын
наристе ойнойт колунда.

Ай менен күн алмашып
адам көчү чубалат.
Айылдаштар суу жыгып
аңызда эгин сугарат.

Күн менен түн алмашып,
күндө жашоо уланат.
Кырчын өмүр суу жутуп,
күлгүн жаштар кубанат!
XIX
Ар бир жазда жер көгөргөн сыяктуу,
ар бир таңда күн көрүнгөн сыяктуу
жаңыланып жашай билгин жан курбум
жакшы жагын баалап келген куракты.

Улуу муундун жетсе дагы сабагы,
убарага кетет жаштын далайы.
Эстен чыгып калмайы бар, кантели
дарыянын нук кубалап агаары.

Адамда бир кербездик бар кетпеген,–
касиетти убагында сезбеген.
Ар учурда алыш жагын ойлогон,
ар нерсени кармаш менен чектеген.

Илгеркинин талдап көрүп сабагын
ир алдыда жан дүйнөңө карагын.
Эске туткун өмүр деген өктөмдүн,–
сен өтсөң да, ал өтпөстөн агаарын.

Эске туткун–сага чейин акканын,
менменсинген мүнөзүңдү таштагын.
Акылмандык–унутпоодур, а балким
бу турмуштун жаңылынып жатканын.

Тирлик дайым бергендерин кайта алат,
кайтарганда ким экениң байкалат.
Жаңыланып сүйө билсе жашоону
андай адам: "Жашадым!" деп айталат.

Ой-пикирлер