Кирүү

Асан Жакшылыков. Эл кенчи

Арасат, азар–безер өмүр сүрүп,
ачыгып көөдөй түнгө кулак түрүп,
кыргызым, каның кызып, ызаң ашып
кыйналып канча кылым жашап жүрдүң?

Эр башы канжыгада, кан көөкөрдө
ымыркай туулбай жатып ичтен өлгөн.
Бүлүнүп, үшү кетип, качып–безип,
калк барбы кыргыз өңдүү кордук көргөн?–

Деп ойлойм, көргөн күнү болсо азап,
не керек бу дүйнөдө арсыз жашап?
Жарыкка келди да бир, кетти да бир
кара жер кайгысына сырың катат.

Жашоонун сыноосу да, кыйноосу арбын,
талоонго көп калса да кыргыздарым
күү чертип, "Кыргыздын тоосу бийик асманында
калк демин көкөлөткөн улуу кушсуң.

Ой-пикирлер