Кирүү

Арстанбек

Арстанбек Буйлаш уулу (1824, Ысыккөлдүн сырты, Эки Нарын жери – 1878, Ысыккөлдүн тескейи, Чычкан конушу; сөөгү Жуукудагы Ташкыя бейитине коюлган) – кыргыздын төкмө акыны жана ойчулу; комузчу, күүчү жана обончу. "Замана" агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага "булбул" деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бийдин кичи токолунан төрөлүп, баркталбай кой, козу кайтарып өсөт. Арстанбек ырчы катары 16 жашында таанылган. Кокон ханы кыйкымдап Буйлаш, башка дагы тынымсейит билермандарын ордого айдатып кеткенден кийин, Арстанбек алардын артынан барып, ырдап, өз өнөрү менен даткалардын, ордо бийлөөчүлөрүнүн купулуна толуп, атасы баштаган манаптарды куткарып келет. Ал Фергана тарапта бир жылча жүрүп, Наманган, Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, өз жерине чоң ырчы атыгып кайтат. Кокон бийлигинин зордук-зомбулугунан калктын каржалганын баяндоодо ал өзүн чоң сүрөткер катары көрсөткөн (тилекке каршы, ал ырларынан айрым үзүндүлөр гана бизге жетти). Бугу менен сарыбагыштардын чатагы мезгилинде да көп ыр чыгарган. Айрыкча, Ормон хан өлтүрүлгөндөн кийин анын 20 уруулаштары тарабынан бугулар катуу кысмакка алынып, калк чабылып туш-тушка качканда бугулардын турмуш акыбалын сүрөттөп, эки урууну ынтымакташууга чакырып ырдаган ырларынан айрым үзүндүлөр белгилүү.

Арстанбектин чыгармачылыгында орчундуу теманы замана ырлары, эң бараандуу "Тар заманы" түзөт. "Тар заман" акындын турмуштук, коомдук-социалдык көз карашынын жыйындысы. "Тар замандын" окуясы шарттуу түрдө эки бөлүктөн турат: 1. орустар басып келе жатат деген кабардан улам ырдалган ырлар; 2. орус колонизаторлору кыргыз жергесине орношуп, бийлигин бекемдеген мезгилде акын күбө болгон окуялардын чагылдырылышы. Арстанбек ал заманды "азуулууга бар заман, бечарага тар заман" катары мүнөздөгөн. Ал орустардын чарбалык ишиндеги, аскер кызматындагы жакшы жактарын да туура байкаган. Бирок, кантсе да, Арстанбек айрым маселелер боюнча патриархалдык-феодалдык нарк-нусканын чегинде бек туруп, аны коргоого алган. Орустардын келиши менен кыргыз коомчулугунун башкаруу иштерине, турмуш-тиричилигине, элдин каада-салтына, кулк- мүнөзүнө кирип жаткан өзгөрүүлөргө ой жүгүртүп, ал жылыштарды көбүнесе ата-бабанын нускасынын бузулушу катары кабыл алган. Ал кошок, арман, санат, терме, керээз, ар кыл багыттагы ырларды, поэмаларды жараткан. Элдин айтымында өзүнүн 200дөй күүсү болгон. Айтыш өнөрүнүн ири устаты. Анын "Арстанбектин арман күүсү", "Кербез", "Кет Букасы", "Ат чубатар ботою" залкар күүлөрдүн катарында турат. Кыргыз маданиятынын тарыхында Арстанбектин мурасы чоң из калтырган. Анын улуулугу – өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш-жагдайы, келечектеги тагдыры, коомдун социалдык ал-абалы жөнүндө терең ой жүгүртүү- сүндө. Арстанбек эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө, изилдөө алкагынан четтетилип, чыгар. жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Арстанбектин мурасына кайрылуу 90-жылдары гана колго алына баштады.

Ой-пикирлер