Кирүү

Ар нерсенин жөнү бар

Арабиянын чөлдөрүндө алыс жол жүрүп, көптөгөн саякаттарга чыккан бир шейх баласына башынан өткөн окуяларды айтып берип отурган. Бир саякатка чыккан элем. Күн батып, түн кире баштаган. Күн батыш жакта, көзүмө көрүнгөн чатырды көздөй жөнөдүм. Ал жерге барганымда, бир аял тосуп алды. Жалгыз жүргөнүмдү көрүп алып, абдан таң калды: Сиз кимсиз? Бул жерде эмне кылып жүрөсүз? -деп сурады. Кудайы конокмун, десем, аялдын кабагы бүркөлүп, мага көңүл бурбай, тамак жасай баштады. Дасторконду даярдап, досторкондо эмне бар болсо, сукулдап баарын жеди. Көп өтпөй, аялдын күйөөсү сүт кумганын көтөрүп алып, ичкери кирип калды. Мени көрө коюп: Бул ким? деп сурады. Аял эч кебелбей туруп, "Кудайы конок имиш", деди. Күйөөсү мени карап, сүйүнүп: Салам алейкум. Кош келипсиз! -деп бир чыны сүт берди. Ачка болсоңуз керек.

Эч нерсе жей элексиз го, ээ? Ооба. Ачкамын -десем, аялын карап, жиндене баштады. Уятың жок сенин. Өзүң болушунча курсагынды тойгузуп алып, конокко бир тилим нан берейин деп ойлобойсуң -деп урушса, аялы: Ага эмнеге тамак берет экенмин. Өзүмдөн бир күкүм да арткан жок -деди. Экөө көпкө чейин урушуп-талашты. Аяганда күйөөсү чыдабай, эшикке чыгып кетти. Чыксам, күйөөсү менин төөмдү жерге жаткырып алып, союп жатыптыр. Жүрөгүм сыздай түштү. Бирок унчуга алган жокмун. Турган жеримде катып калыптырмын. Ал киши менин төөмдү, мага тартуулаш үчүн союп жатпайбы. Ичимден: Аягыңца ушундай нерсеге туш болмокмун. Учу-кыйырсыз чөлдө жөө калдым эми, деп ойлонуп жаткан элем. Үйдүн ээси очок жагып, эт бышырып, табакка салып келди. Жүрөгүм абдан сыздап жаткан эле, каалоосуз дасторконго отурдум. Тамак жеп бүткөндөн кийин киши: Кудайдын алдында ант берем. Менин үйүмө конок болуп келген киши, эч качан ачка калбайт. Бул абалга же күлүп, же ыйлашымды билбей калдым. "Коногундун төөсүн союп, тартуу кылсаң, албетте ачка калбайт" дегим келди. Бирок эч нерсе дебей чыдадым. Киши тамак ичип алып, чатырдан чыгып кетти. Кишинин таң каларлык аракеттерине оозум ачьшып, карап отурдум. Көп өтпөй, эшикте мени чакырып жатканын угуп калдым. Ал бир төөнүн ноктосунан кармап жетелеп, менин жаныма келди: Ме, ал, ушул төөнү сага арнап сойгон төөнүн ордуна берем. Төөнү карасам, жаш, татынакай төө экен. Менин төөмө караганда он эсе кымбат болсо керек.

Эртеси эртең менен эрте жолго чыгарда, үйдүн ээси мага нан, жылуу сүт жана бышырылган эт берди. Жакшы сөз айтып, узатып койду. Кайнаган чөлдө бир күн кечке жүрдүм. Кеч кирээрде, жолуман учураган биринчи чатырга бардым. Жайдары, сүйкүмдүү бир аял тосуп алды. Сиз ким болосуз? деди. Кудайы конок экенимди айттым. Аял: Кош келипсиз. Кудайы конокко үйүбүздүн босогосу ар дайым ачык. Биздин үйдө сизге дайым орун табабыз. Ошентип, мени үйүнө чакырды. Дароо эле тамак жасай баштады. Көп өтпөй дасторконду жайнатып койду. Палоо, куурулган тоок, курма, бал, шербет. Анан: көп нерсе тартуулай албайм, таарынбаңыз! -деп дасторконго чакырды. Аябай ачка болуп, ичим курулдап жаткан эле, тамакка эми отуруп, эки тилим жээр замат, аялдын күйөөсү кирип, ачуулуу, орой үнү менен: Бул да ким? -деп сураса, аялы: Кудайы конок, -деп жооп берди. Анда күйөөсү: Кудайы конок ошончо элден биздин чатырбызды таап келиптирби. Менин тамагым кана? -дегенде аялы: Үйдө эмне болсо, коногубузга тарттым -дейт. Сага менин тамагымды конокко берүүгө ким уруксат берди? -деп жинденди күйөөсү. Экөөнүн ортосунда чатак башталып урушка айлана жаздады. Өзүмдү кармай албай күлүп жибердим. Адам каардуу көз караш менен мени карап: Эмне күлөсүң? -деп кекеткенде, мен бир күн мурун башыман өткөн окуяны айтып бердим. Андаал: Сиз айтып берген аял, менин карындашым. Ал эми күйөөсү болсо, менин аялымдын агасы, -деди. Ушундай дал келгендик мени абдан таң калтырды. Бардык нерсе тегине байланыштуу экенин сездим.

Ой-пикирлер