Кирүү

Аман Токтогулов. Үч экмет

Жаман жолдош–колдогу кооз канжар,
Кооз канжарды кызыгып ар ким кармар,
Этиетсиздик саал эле кылсаң болду–
Өз колуңду шарт кесип кетиши бар.

Чоң жааган кар бүт жердин оюн-кырын
Эч билгизбей тептегиз, аппак кылат.
Бийлик, байлык, кемчилин көп адамдын
Так ошондой жарышып, жаап турат.

Жакшыны көр, жакшыны кеп кыл дайым.
Жамандарга асылба келсе колдон.
Жамандарга илээшсең, бир чымынсың,
Гүлзар турса, ыпылас жерге конгон.

Көтөрөмүн көңүл,
Чыйралтамын дух.
Сыр бербейм бассам-турсам,
көрүнөм керилип,
курчутам өзүмдү өзүм,
"Азамат" деп мактап коем,
"Түркөйсүң" деп кечирим берем.
Колдоймун, сүйөмөлөйм,
Сөгөмүн, бирок аяйм.
Антпесем, мени өзүмдөн
Ким мени жакшы билет...

Сен кимсиң?
Түшүнбөймүн.
Бирде сен пейлиң кенен түзүк жансың,
Колдон келсе жакшылык аягың жок,
Ичиңе кир сактабас кембагалсың.
Бир карасам,
кекенип, кастык ойлоп,
ичтен түтөп, кумсарып келатасың.
"Көр тирликке кор болбош керек" деген
жагат мага идеяң. Бирок өзүң
майдаланып кетесиң болбос жерден.
Боюң жакпайт кортоюп келе жатсаң,
Акылдуусынымыш этесиң кээде неге,
Же шончолук билимиң барбы мээңде?
деп капыстан тунжурап тура калам,
ойлонуп өзүм жөнүндө.

Ой-пикирлер