Кирүү

Аман Токтогулов. Менин жолум

Менде жок күркүрөгөн урук-тууган,
Бел болуп, колтугумдан сүйөп турган.
Керек деген кызматка орноштурган,
Жетем деген нерсеге жардам кылган.

Бар болгон таянычым жалгыз агам,
Мен үчүн дайым түркүк, тоодой караан,
Ата ордуна чынында ата болду–
Дүйнөдө мен багынган жаглыз адам.

Билип өстүк жаш кезден жоктун жайын,
Эстүү киши апабыз, бизге дайым:
"Ууру кылба, адал жүр, окуу көздө"–
дечү байкуш ар акыл айткан сайын.

Өттү-кетти тумандуу бала күнүм,
Көр тирликтин көтөрдүк далай жүгүн.
Кандай кыйын абалга туш келсек да,
Аттабадык эч кимдин ала жибин.

Көр оокатка көмүлбөө–бу да эрдик,
Болбосок да бир даңктуу чыгаан элдик,
Кара менен ак эмне–айра билип,
Кактооч аттай жалаңдап чыга келдик.

Жаным күйүп, көз артпайм өзгө ишине
Жардам сурап жалбарбайм эч кишиге.
Мен ишенбейм бирөөнүн колдоосуна,
Азбы-көппү, ишенем өз күчүмө.

Ой-пикирлер