Кирүү

Алтын шакек

Алтын шакек

Илгери, илгери бир чалдын жалгыз баласы бар экен. Бир күнү чал "баламды бир сынайынчы" деп, жыйырма тыйын берип базарга жиберет. Ал барып беш тыйынга күчүк, беш тыйынга мышык, беш тыйынга короз жана беш тыйынга жыландын баласын сатып алып үйүнө келет.
"Балам тыйынын бир оокатка жаратат экен десем, капкайдагы жарабаган нерселерди алыптыр" деп, чал ачуусу келип, үйүнөн кууп жиберет.
Бала корозду, мышыкты, жыланды көтөрүп алып, бет алган жагына кете берет.
Күндөрдүн биринде жыландын баласына тил кирип:
-Досум, мен жыландын падышасынын баласы элем, адамзаттын колуна эмне болуп түшкөнүмдү билбеймин, сен атамды издеп тапсаң бул дүйнөдө эч нерседен кор болбойсуң. Бир чоң кара дөбө бар, аны тапсаң бир кичине жылан чыгат, андан ары жүрүп олтурсаң бир чоң жылан чыгат, аларга менин башымды көрсөтүп койсоң дароо кетет. Ошол жыландын изи менен баса берсең, бир үңкүргө келесиң. Ал үңкүрдө бир чоң чарада алтын бар, ошол алтындын ичинде менин атам жатат. Мени ошол үңкүргө барганда кое бер. Үңкүрдүн ичинде түрдүү тамак-аш бар, өзүң ошол тамак-аштан ичип жата бер,-дейт.
Бала жүрүп отуруп, чоң кара дөбөгө келсе, алдынан бир кичине жылан чыгат, ага койнундагы жыландын башын көрсөтүп коет, кичине жылан коркуп качат. Бала андан ары басат, алдынан дагы бир чоң жылан чыгат, ага да жыландын башын кылтыйтты эле, а да ийнине кире качат. Бала анын изи менен үңкүргө кирет. Анда бир чоң чарада алтын, анын үстүндө чоң жыландын жатканын көрөт. Көтөрүп жүргөң жыланды кое берет да, өзү ар түрдүү тамактардан ичип жатып калат. Бирок көп күн жүргөндүктөн зеригет. Анын зериккенин билип, жыландын баласы:
-Досум, зериктиңби, кетесиңби?-дейт.
-Уруксат берсең кетем.
-Досум, бул алтындар сага опо болбойт, атамдын тилинин алдында алтын шакек бар, ошол шакекти атамдан сурагын. Шакектин алтымыш эки дубасы бар, ал дубаларды үйрөтүп коёмун, анан кор болбойсуң,-дейт жылан.
-Алтын шакекти өзүң сурап бергин. Жылан атасына келип:
-Ата, сиздин алтын шакегиңизди досум сурап турат, ошол шакегиңизди досума бериңиз,-дейт.
Атасы ары карап ыйлап, бери карап күлүп, "Эми болбостур" деп, күңгүрөнүп сүйлөнүп туруп "ту-у-у" деп бүркөп жиберет, ошондо алтын шакек оозунан ыргып кетет.
Жылан алтымыш эки дубаны үйрөтөт. Бала шакекти тилинин алдына салып, дубаны үйрөнүп, короз менен мышыгын көтөрүп, күчүгүн ээрчитип жөнөйт.
Жүрүп олтуруп бала бир чал менен кемпирге жолугат. Чал:
-Балам, эмне болуп жүргөн баласың,-дейт.
-"Баласы жокко бала болоюн, ботосу жокко бото болоюн" деп жүрөм,-дейт бала.
Чал аны бала кылып алат. Ал күндөрдүн биринде "атамдын үстүндө үй, өрүшүндө жылкы, короосунда кой, котологон уй болсун" деп, алтын шакегин жерге бир урат. Баланын айтканы бир заматта даяр болот.
Балага түнкүсүн күнүгө эле чыгыш жактан бир жарык көрүнөт.
-Ата, ата, күнүгө эле түн ичинде чыгыш жактан бир жарык көрүнөт, бул эмне болгон жарык?-деп бала сурайт.
-Балам, ал падышанын кызынын нуру, ал кызына үй салып берген, ошол үйдө багат. Жанагы жарык ошол кыздан чагылышып турат.
-Ата, ошол кыздын атасына жуучу түшүңүз, мен ошол кандын кызын алайын.
-Ал кыздын калыңын кайдан табамын?
-Ата, коркпой эле бара бериңиз, калыңга берүүчү малды мен табамын,-дейт.
Ошентип чал канга барат да:
-Кан, мен сага жуучуга келдим, кызыңды менин балама бересиңби?-дейт.
-Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын. Ал сарайлардын ичинде май көл менен сүт көл болсун, ошол көлдөрдө алтын-күмүш чабактар секирип ойноп турсун. Үйүмдүн четине чынар терек менен күмүш терек орнотулсун, ал чынарларда алтын булбул менен күмүш булбулдар сайрап турушсун, кызымдын калыңы ушул, ушул калыңды кырк күндө бүтүрүп, тоюңду берип, келининди ал,-дейт кан.
-Ушунчалык калың салды, "кырк күндө бүтүп, тоюнду берип келиниңди алгын" деди, мен мынча калынды кайдан табам, качан бүтүрөмүн,-деп чал баласына ыйлап келди.
-Эй, ата, ыйлаба, анын баарын мен табамын, эсенчилик болсо келиндүү болосуз,-деп бала бир түнү кандын шаарынын четине барып: "Калың жөнүндө кандын айткандары таң атканча бүт аткарылсын"-деп, алтын шакегин жерге бир урат.
Эртең менен караса, айлана жарк-журк этет, кандын айткандары бүт аткарылып калган.
Кан көрүп, сүйүнүп "чал келинин алсын" деп чалга жигиттерин кабарга жиберет. Чал баласын жана башка кишилерин алып канга келет. Кан той берип кызын берет. Аларга алтын сарай менен күмүш сарайын энчилеп, кыз күйөөсүн киргизип коёт.
Бала мышык менен корозду үйүнө коюп, өзү итин ээрчитип ууга чыгып кетет.
Бир күнү ысык ичкен, суюк чычкан, коко тикен менен көчүгүн аарчыган мастен кемпир баланын келинчегине келип:
-Балам, менин багар, көрөрүм жок, сенин кешигиңди ичип оокат кылып жүрөйүн,-деп ыйлап кирет.
-Жүрсөңүз, жүрүңүз,-деп келин кабыл алат. Бир нече күндөн кийин мастен кемпир келинге сөз катат:
-Эркек эле курусун, аялга сырын айтпайт тура. Сенин эриңдин тилинин алдында бир алтын шакеги бар, эриң уудан келгенде тилиңдин алдындагы алтын шакекти көрсөт деп ыйлактагын. Эриң алтын шакекти көрсөтөт. Көрсөткөндөн кийин "алтын шакегиңди мага бергин, мен кээ-кээде көрүп коюп жүрөйүн" дегин, ал берет, алтын шакекти экөөбүз көрүп коюп жүрөлү.
Бала уудан келгенде келинчеги таарыныч кылат:
-Сенин алтын шакегиң бар турбайбы, мага айтпай жүрүпсүң. Ошол шакегиңди мага бер, анда-санда көрүп коюп жүрөйүн.
Бала алтын шакегин келинчегине берет. Келинчеги ал шакекти алып, көрүп коюп жүрөт. Бир күнү мастен кемпир:
-Балам, алтын шакегиңди берчи, мен да көрөйүн,-дейт. Келин алтын шакекти кемпирге берет. Мастен кемпир алтын шакектин алтымыш эки дубасын окуп, "ушул келин менин Кейбат деген балама катын болсун" деп жерге бир урат. Ошону менен мастен кемпир келинди жети суунун ары жагындагы Кейбат деген таз баласына алып берип коёт.
Бал кечинде уудан келсе, үйдө келинчеги жок, мышыгы менен корозу калган, өзү эмне кыларын билбей отуруп калат. Итке, мышыкка тил кирип, балага:
- Капа болбогун, алтын шакекти биз табабыз, - дешип жөнөп кетишет.
Үчөө суудан отүп, мастен кемпирдин үйүнө барышат. Ит итке кошулат, короз корозго кошулат, мышык болсо шып этип үйгө кирип кетет. Короз:
- Мен боз үйдүн жабуусун тартканда, түндүккө чыгып барып кукулуктаймын, мастен кемпир "өлүгүңдү көрөйүн, бул кандай тоок?" деп мени караганда оозуна жаба "шарт" эттиремин. Ал какырынып түкүрүнгөндө оозунан алтын шакек ыргып кетет. Мышык, сен шып дедире илип кач. Ит, сен эшиктин алдында тургун, мышык келип үстүңө жабышсын, мен да учуп түшүп, аркаңа конуп калам. Анан алып качпай жаның жокпу!-дейт да түндүккө конуп кыйкырат.
Мастен кемпир:
- Бул кайдан келген короз?-деп таңыркап оозун ачып карап турганда короз шарт бир коёт. Ал: "өлүгүндү көрөйүн!"-деп түкүрүнгөндө, алтын шакек бок менен бирге ыргып кетет. Мышык шып этип илип качат, ит мышык менен корозду үстүнө кондуруп алып зымырап жөнөйт.
Мастен кемпир кандай ит экенин тааный албай калат. Ит алты суудан өтүп, жетинчи сууга барганда:
- Мен алып барамын,-деп мышыктан талашып шакекти алат. Ал сууну кечип бараткан маалда чарчап акактайт да оозунан шакекти түшүрүп жиберет.
Үчөө суудан өтүшөт, ит балага барып:
- Мен алтын шакекти сууга түшүрүп жибердим, ал шакекти балык жутум алат, балыкты балыкчылар кармайт, мен ошол кармалган балыктарды жыттап, алтын шакекти табамын -дейт.
Ошону менен төртөө сууну бойлоп жөнөшөт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп төрт балыкчыга жолугушат. Кармаган балыктарын караса, бирөө тим эле жылтылдайт. Ит балыктарды жыттагылап, таптым дегендей ишарат берет. Бала:
-Курсагым ачып турат, мага төрт балык сат, кууруп жейин -дейт балыкчыга.
-Сатса сатайын, алыстан келе жаткан жолоочу окшойсуң,-деп балыкчы төрт балыкты сатат.
Бала төрт балыкты сатып алып, баягы жалтылдаган балыктын ичин жарат, ичинен алтын шакек чыгат. Бала алтын шакекти тилинин алдына салып:
- Мастен кемпир жер жүзүнөн жоголсун, келинчегим үйүмдө болсун,-деп алтын шакекти жерге бир урат.
Ошентип бала мастен кемпирди өлтүрөт, келинчегин өзү алат, ата-энесин алдырып, жыргап жатып калат.

Ой-пикирлер