Кирүү

Алсыздын балдагы

Дугдулдаган жигит мас болуп алып, көрүнгөндү аша-тып да жатты, "Өлтүрөм, соём",— деп жулунуп да жатты. Эртеси эл алдында башын шылкыйтып:
— Кечирип койгула, мастык жеңип кетти, жаштык ал-дастатты,— деп жалооруган экен.
Анда Мамбеталы мындай дептир:
— Акылсыз орто алагүү болсо, мактанат: катуу мае болсо, көрүнгендү каарып, кырып-жойгусу келет. Ал ошол күнөөсүн өзүнүн жаштыгы менен мастыгына тогорот.
Ал эми улгайып калган кездеги уят-сыйытын: "Кары-дым, акыл-эстен тайдым",—-деп бет тырмаар кылат. Жаштык, мастык жана карылык анын колтугуна кыскан бал-дагы,— дептир.

Ой-пикирлер