Кирүү

Алгоритм жөнүндө түшүнүк

Алгоритм жөнүндө түшүнүк

Алгоритм, алгорифм – алгачкы берилген шарттардан чектүү сандагы эсептөөдөн кийин изделүүчү натыйжага өтүү процессин аныктоочу так буйрук (көрсөтмө). "Алгоритм" сөзү алгач аль-Хорезминин латынча жазылышынан келип чыккан. Алгоритмдин мисалы: башталгыч класстан белгилүү төрт амалды аткаруу эрежелери, Евклид алгоритми, шаарлар аралык телефон-автоматты колдонуу инструкциясы, ар кандай кулинариялык рецептер, Штурм эрежеси ж.б. Алгоритм түшүнүгүндөгү эсептөө процесстери жалаң эле цифралар менен болгон эсептөө деп түшүнүүгө болбойт. Алгебрада тамгалуу туюнтмалар, арифметикада ар кандай символдор (кашаа, барабардык белгиси, кошуу, көбөйтүү, кемитүү, бөлүү белгилери ж.б.) кездешет. Демек эркин алынган символдор жана алардын ар кандай комбинациялары менен аткарылган Алгоритмдерди да кароо зарыл. Берилген алгачкы маалыматты толук бойдон кабыл алып, натыйжасын берилген маалымат боюнча аныктоо Алгоритм процесси болот. Эң жалпы интуициялык түшүнүк боюнча Алгоритмдин алгачкы шарттары жана натыйжасы ар түрдүү конструкциялык обьекттер болушу мүмкүн. Бул Алгоритм түшүнүгүн кеңири колдонууга мүмкүндүк түзөт. Бир тилден экинчи тилге которуу Алгоритми, поезд диспечеринин ишинин Алгоритми сыяктуу ж.б. мисалдарда башкаруу процесстерин алгоритмдик жазуу жөнүндө айтылат. Алгоритм түшүнүгү кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири, аны 7 параметр менен мүнөздөөгө болот: 1) мүмкүн болуучу берилген шарттардын жыйындысы; 2) мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 3) Алгоритмдин иштөө арасында пайда болуучу мүмкүн болгон натыйжалардын жыйындысы; 4) башталыш эрежеси; 5) түздүн түз иштеп чыгуу эрежеси; 6) аяктоо эрежеси; 7) натыйжаны алуу эрежеси. Алгоритм математикалык эсептөөдө негизги мааниге ээ болуп, аны тактоону Э.Л. Пост менен А. Тьюринг биринчи сунуш кылган (1936). А.А. Марков менен А.Н. Колмогоров да тактоолорду киргизген.

Ой-пикирлер