Кирүү

Алгачкы агартуучу

Базаркул Данияров кыргыз интеллигенттеринин аксакалдарынын бири. Республикадагы эл агартуу иштерине зор эмгек сиңирген, кыргыз элинин көп таланттуу интеллигенттерин окутуп, тарбиялап, уядан учурган татыктуу мугалим, таасын табиячы эле.
Б. Данияров 1895жылы Чоң Кеминдеги Кайыңды кыштагында төрөлгөн. Ал революцияга чейин айылдык диний мектептен окуп, араб тамгасында кат жазып, окуганга жараган. 1918жылы Ташкент шаарында ачылган казаккыргыз эл агартуу институтуна кирип, аны 1923жылы бүтүрүп чыккандан кийин Ош шаарына жиберилип, анда мугалимдерди даярдоо курсун уюштурат. Данияров жетектеген ал курстан көп мугалим окуп чыгат. 1925жылы Пишпек шаарында адабиятынан окуу китептерди силер өзүңөр жазышыңар керек. Ал гана эмес, мамлекетти башкара турган ишмерлер да силердин араңардан чыгууга тиииш", — деп калаар эле.
Биз окуган эл агартуу институтта тарбияланган балдардын басымдуу көпчүлүгү атаэнеси жок жетим балдар эле. Б. Данияров багаркөрөрү жок томолой жетим балдардын үстүнө үйрүлүп түшчү. Ошондой жетимдер сабактарынан начар болсо, аларды "сен жолдошуңа жардам бер" деп, сабакты жакшы окуган жолдошуна кошоктоп койчу.
1931жылы Узакбай Абдукаимовдун ордуна, Москвадагы борбордук секциясынын жооптуу редакторлугунун орун басарлыгы кызматына кетүүмө Б. Данияров себепчи болгон. 1933жылы башталгыч мектептердин 3—4класстарына кыргыз тилинин тунгуч туруктуу окуу китептерин жаш тилчилердин ичинен кимдер түзө алат деген маселе коюлганда, Байжиев менен Бектенов түзө алат деп, бизди сунуш кылган да Данияров болгон эле. Менин адам болушума өбөлгө түзгөн Б. Данияровдун шарапатын эч качан унутпайм.
1935жылы Кыргыз эл агартуу институту ачылган кезде Б. Данияров завуч, андан кийин директор болуп иштеп, кыргыз маданиятынын алгачкы карлыгачтарын учуруп, ондогон билимдүү кадрларды даярдап, эбегейсиз зор иштерди иштеген эле. Данияровдун тагдыры да каардуу 1937жылга туш келип, ал кандуу репрессиянын курманы болгон. Анын эл агартуу жаатында эмгеги зор, аны изилдеп үйрөнүү зарыл.
Зияш Бектенов

Ой-пикирлер