Кирүү

"Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч"

"Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч". "Кекти каапырга жараткан" - дейт. Атынан түшүп, курун моюнуна салып чоголой калса, кундан, күнөөдөн кечирүү шарты бар. Ушундан улам "алдыңа келсе атаңдын кунунан кеч" - деген сез калат. Анткени күнөөсүн моюнга алып атайын жолдугун жасап келүүлөрү, адамдын жүйөөлүү сөздөрү эмес, кара ташты эритет. Курду моюнга салуу, бардык күнөөнү моюнга алуу. Ага карабай, элдин элчилдигин санабай, кеп-созго жарабай, ажыр-жооп, каяша кылуу - элден-жерден чыгуу. Арийне, кундан кутулуу, кунду кечирүү оңой-олтоң эместир. Бирок эл-журт бар жерде акыры баары жайында болот.

Ой-пикирлер