Кирүү

Акындарды жоктоо

О дүйнө салган пендени түбөлүк жайына узатканда өкүрүк салып ыйлоо, кошок кошуу сыяктуу ырасмилер кыргыздарда кыйладан бери элдик салт катары сакталып келет. Мындай жөрөлгөлөр акындык, комузчулук өнөрдө да кеңири өрчүгөн. Маркумдун адамдык парасаты, ак эмгеги казалдарда, кошоктордо, эскерме- ырларда, дастандарда жана комуз күүлөрүндө даңазаланып, ал аркылуу экинчи өмүр тартууланган.

Алымкул төкмө кайтыш болгондо акын Ысмайыл кошкон ("Акындарды жоктоо", же "Кош Алымкул") кошок — Алымкулдун, Алымкулдан мурда көзү өтүп кеткен жамы таланттардын (акындар, ырчылар, Манас" деген сөз, алтындан баалуу чыгарма", "Окуу билим жогунан, оозуна кетти ырлары", "Арманда өткөн көп ырчы, андагы турмуш табышмак", "Карамолдо өлгөндө, кайышып турдук көмгөндө, Комузчу Атай өлгөндө, кордугу кыйын шум ажал, кол барбай турду көмгөнгө" ж. б. Таланттан жуурулган бул залкар чыгарма автордун аткаруусунда кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылып калган. Мезгил өтөт, заман алмашат, "Акындарды жоктоо" сындуу таланттуу чыгарманын Замирбек Үсөнбай уулундай таасын аткаруучуларын ар кылым өзү жаратары да шексиз.

Ой-пикирлер