Кирүү

Аксакалдарды улуктоо

Кыргызда аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле кучтуу орун алган. Аксакалдар отурган уйгө жаштар уруксатсыз бир да кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз созду да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карынын каргышы тийсе шексиз олот деген ишенич болгон. Карыдан бата алса омуру узарып, багы ачылат деген ишенимди бек туткан."Жамгыр менен жер когорот, бата менен эл көбөйөт" деген макал сөздөр байыртан калган создор болгон. Карылардан бата алуу адаты эң кучтуу орун алган. "Сен сыйласаң карыңды, кудай сыйлайт баарыңды" деген макал сөздөр бар.
"Карысы бар жерде — касиет бар" деген да сөздөр бар.
Кыргызда чечилбей турган чоң кенешти карылар чечип, карыларга ар дайым кайрылып чечтирип келген.
Ашка тойго кылып түшүрүлгөн. Мисалы, бир чоң уруунун ичинде бир канча майда уруулар болуп, алардын эң аксакалы, тойго мурун түшүрүлгөн. Жоого да ошону мурун салышкан.

Ой-пикирлер