Кирүү

Акмат бий

Кашкарга кыргыз бийлери ийгиликтүү жортуул жасаган. Акмат бий (канжыгалуу Карачтын иниси) башчылык кылган каракыргыздардын 10 миң атчан аскери Кашкардагы бүт калмактарды талкалаган. Калмактардын Зайсаңы Доржинин жетекчилиги менен өч алууга келген 10 миң кол толук талкаланып, 3 миңи араң качып кутулган. "Калмактардын кесепетинен кыргыздын сарбагыш, саяк уруулары азыркы ата конушунан эки жолу сүрүлгөн. Биринчисинде 1643ж. калмактар менен үч жолу катуу согушуп, жеңилгенден кийин түштүккө сүрүлүшөт.

Кайра 1743-ж. Цеван Жорчуну талкалагандан кийин көчүп келишет. Жумгалда ал убакта Келдибек бий экен. Экинчи жолу, калмактар кайра күч алып Лама Жорчунун аскеринен жеңилишкен кыргыздар кайрадан Анжиян багытына кетишет. Көп узабай Кубат бийдин жетекчилиги астында Ламаны талкалап, кайрадан өз жерлерине келе башташат. Бириккен кыргыз күчтөрү 1748-ж. Жайсаң Жорчуну жеңгенден кийин гана кыргыздар өз жеринин кожоюну болушат. Бул уруштарга саяктын, сарыбагыштын уруулары активдүү катышкан (Ж.Кенчиев, "Медет датка", 1996). Азыр Жумгалда Лама атындагы айыл бар.

Ой-пикирлер