Аким
Аким (ар. "хаким" – ойчул, философ) – бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде акимдик аймактардын башында турган адам Аким аталып, кушбек, бек, датка сыяктуу чиндерге ээ болгон. Кийинчерээк Аким деп тек гана бийликтин кайсы бир баскычын ээлегендер аталып калган. Учурда админ-аймактык бирдик – райондун мамлекет админ. башчысы да АКИМ аталат.
- Эсенгул баатыр
- Кыргыздын калмакка кылган чабуулу
- Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөр
- Шах Фазил күмбөзү
- Сүттүүбулак археологиялык эстеликтери
Ой-пикирлер