Кирүү

Акбото бий

Акбото бий, Ак бото Рахимбий уулу (болжолу 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын 30-ж-нын ортосунда жашаган) – саясий ишмер; Кокон хандыгынын Хожент вилайетин бийлеген. Кыргыздын саруу уруусунун кырк уругунан. Тарыхый маалыматтар боюнча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11-жылы башкарган) ишеничине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта Акбото бийдин саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар-Рахим бийге турмушка берип, Коконду башкарган Миң династиясы менен кайчы куда болгон. Хожентти башкарууну Абд ар-Рахим бийге тапшырган. Бул аягында күйөө бала менен кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал-Карим бийди дайындаган.

Ой-пикирлер