Кирүү

Акбар Рыскулов. Экинчи Торкашка

I
Күндөгүдөй жашоо күтүрөп,
күндөгүдөй күчтүү тирилик,
картайбаган кыймыл дүпүрөп,
чарк айлантат Жерди чимирип.

Күндөгүдөй шаар кулпунуп,
рекламалар өчүп-жанууда.
Күндөгүдөй шашып, умтулуп,
кыян жолдо кыймыл агууда.

Күндөгүдөй сүрөт.
Көнүмүш–
шаар чычкылуу, шаар шашкалак.
Ой, токточу!
Кызык көрүнүш,
кыян жолдо тирүү ат барат.

...Кызыл-тазыл көйнөк кийинген
күндөгүдөй шаардын кечинде
ат баратты
октой чийилген
кара жолдун каптал четинде.

II

Айрымдары келип батынып,
жал-куйругун сылап өтүшөт,
эркелетип кээси чакырып,
кылчак кылчак карап кетишет.
Жал куйругун сылап жатса да,
унчукпастан тура берет ал,
өйдө-төмөн кептер айтса да,
үндөбөстөн уга берет ал.

Чуулгандуу ушул көчөгө
алгач ирет келсе бир башка:
бардыгына чыдап көшөрө,
бардыгына көндү Торкашка.

Таш ыргытып балдар кеткенде,
жан эмеспи,
кээде кошкурат.
Эрмек болуп өткөн-кеткенге
көп учурда минтип бош турат.

Кылганынан чыгып артыгы,
күтөт... күтөт...
күнгө какталат,
Бош бөтөлкө ташып ар күнү,
болор-болбос жумуш аткарат.

Бөтөлкөсүн ташыйт томаттын,
айран-сүттүн, суунун, шараптын.
Торкашкага эмне,
баары бир,
бөтөлкөсүн ташыйт арактын.

III

Кызыл-тазыл көйнөк кийинген
күндөгүдөй шаардын кечинде,
ат баратты
октой чийилген
кара жолдун каптал четинде.

Күндөгүдөй илкип, бүктөлүп,
кылдыр-кылдыр келет Торкашка,
өнүн хорун жүктөнүп,
шыңгыр-шыңгыр келет Торкашка,
Кыян жолдо кыймыл чак-чалак,
шыңгыракты коштойт дүңгүрөк.
Күндөгүдөй илкип ат барат,
Чокчосакал барат үргүлөп.
Торкашканы коюп эркине,
Чокчосакал барат үргүлөп.
Ой кеткендир аркы-беркиге,
чындыгында аны ким билет.

Торкашкачы?
Ал да ойлонот,
эңсейт, эңсейт... жашыл шиберди.
Чокчосакал
жерден ойдо жок
шапалакты шилтеп жиберди.

У-ут, шапалак,
Жүзүң кал куруп,
шарт оролду аттын мойнуна.
Өзөктөгү өрттү жандырып,
жылан болуп кирди койнуна!

Башты Тору чулгуп алды эми,
окторулуп алга жөнөдү.
Чокчосакал шашып калды эми...
Жаны ачыган жылкы көнөбү:

тездегенден улам тездеди,
чурагандан улам чурады,
чоктой күйүп кетти көздөрү,
шамдай жанып чыкты кулагы.

Таноосуна тааныш жыт келип,
арстандай араан ачылды.
Так түйүлүп,
каргып,
бүктөлүп,
светофорду тике качырды.

Шамдай жанып чыкты кулагы,
бөтөлкөнүн хору заматта
бычыр-бычыр...
кыйрап, кулады!..
Күрөө тамыр

I

Оо, балалык! көркү дүйнөнүн,
чыт курсактар! ыры-чыры көп:
бири издесе нандын күйгөнүн,
бир турат нандын кыры деп.

Бири сүйөт кумдуу арыкты,
бири сүйөт суунун көлчүгүн.
Мен болсо,
машинадан түшкөн жарыкты,
көлөкөнү жакшы көрчүмүн.

II

Тээ алыстан жарык көрүнөт,
жылат анан жакын... жакындап,
келет анан бери... берилеп,
күрөө тамыр согот лакылдап.

Күрөө тамыр согот лакылдап,
күрөө тамыр согот ашыгып;
жарык келет бери жакындап,
жолдогунун баарын качырып.

Анан сага жете калат да,
дене-бойго, чачка өрүлөт.
Канатына илип заматта
кайып кетчү сымал көрүнөт.

Машинанын күчтүү сыйкыры!
Арбайт жарык сени кубулуп.
Кыйкырасың.
Чыгат кыйкырык
көкүрөктөн өзү жулунуп.

Жарык менен кошо көлөкө
келет жылып бирге алыстан.
Бөлүнбөйбү такыр ал экөө?
Эмне эгиз болуп калышкан?

Көлөкөсү көчөт теректин
эби-сыны кетип тарбайган,
алмуруттун, алма, өрүктүн
көлөкөсү жетет ар кайдан.

Көлөкөсү көчөт талдын да,
көлөкөсү өтөт тоолордун,
көлөкөсү жылат тамдын да,
көлөкөсү чыгат зоолордун.

Чоң клубга монтер Туралы
акча төлөп кино коюучу.
Биздин үйдүн аппак дубалы
акысы жок кино болучу!

Коңшу тамдар, тоолор, терек да,
өз ордунан көчүп жамырап,
биздин үйгө жетип келет да,
ак дубалда таасын чагылат.

Калың токой...танка...ок учуп,
кылыч менен кылыч чабышат.
Көлөкөлөр жатат согушуп,
көлөкөлөр уруш салышат.

"Кызыл аскер" катуу кубалап,
качырдыбы тиги–"актарды"?
Уруш ачам мен да "ура-алап",
ушул кезде коргоп ак тамды.

Өтө берер кезде машина,
өрт жабышат менин чачыма,
өрт жабышат менин башыма,
көкүрөктө өрт калат!

Машинанын чуркап артынан
чымын-куюн боло кетемин.
Көлөкөгө неге тартылам?
Жарыкты кууп, неге жетемин?
Ушул жарык кандай кубаныч,
кандай сырдуу сезим апкелди:
так түйүлүп, каргып, кубанып,
ыргытамын көккө шапкемди.

...Келем анан, жылып келемин,
атакемдин жылуу койнуна.
Болсо керек эркелегеним–
колумду артам москоол мойнуна.

Атам сурайт: "Бүгүн үшкөлдө
кармалдыңбы мынча кечигип?"
Күйүккөнүм тынчый түшкөндө,
саймедирейм баарын чечилип.

"Ак жарыкты көрдүм!" деймин мен.
"Көлөкөнү көрдүм" деймин мен.
"Машинадан түшкөн жарыкка
чуркап-чуркап келдим" деймин мен.

Атам недир тымып калат да,
көптөн кийин барып унчугат.
"Укта уулум..." бешмант жабат да,
эки өңүрүн коет кымтылап.

Буудай жыты, искеп-жыттаймын
(күнү кечке атам кырманда).
"Укта" деди,
кантип уктаймын
күрөө тамыр туйлап турганда!

Кызык ойлор келет башыма,
оодарылам, кайра обдулам.
"Кайда кетти жарык, машина?.."
Тура жөнөйт атам ордунан.

Үзүл-кесил сүйлөйт киргени:
–Торкашкага...акыр бош экен...
–Жомок айтчы?
–Маакул... "Илгери
ат адамга ыйык дос экен..."

Ой-пикирлер