Кирүү

Айтымдар. Оозантуу айтымы

Бисмилла! Кайгы куулду,
Бобок-бакыт туулду.
Байлык нуру балбылдайт,
Кыз бекен же уулбу?

Кырк жылкысың кыз болсоң,
Урматыбыз уул бол соц.
Киндик энең мына мен,
Оозантайын толгонсоң.

Келди бөбөк бакырып,
Калктын баарын чакырып.
Айхай, бөбөк, ыйлаба,
Апакеңди кыйнаба.

Оң чеңгели арбаят,
Оомат учтап келгенби,
Сол чеңгели барбаят,
Соогат уучтап келгенби.

Мээлегенсийт кастарды,
Козго атар мергенби?
Душманды сая тургансыйт,
Теңирим чындап бергенби.

Өзүм кесип киндигин,
Түбөлүккө бек түйдүм.
Ырыскылуу киши бол,
Эсен-аман жургүнүң.

Орошон болуп оку ай,
Ой, теппегин кокуй ай.
Оозантайын эмесе,
Оң ууртуңа сары май,
Жут жута гой, чочубай!
1951-жылы Жампа-Шалы кыштагындагы Ашырбц энеден жазылып алынды. Калмурат Рыскуловдун чогулткан материалдарынан.

Ой-пикирлер