Кирүү

Айкаш

Жайдын толугу. Чөп чабык маалы жакындап калган. Арсен торпогун аркы сайга айдап коюп, кайра кыр менен ойноп келаткан.

Айыл үстүндө эски тегирмен боло турган. Ал урунуу-дан эбак эле калгандыктан, чалдыбары чыгып, кимдир

бирөөлөр каалга, терезелерин, жада калса, капталдарын-дагы жыгачтарын да чыгарып кеткендиктен аңырайып жатат. Аны канаттуулар түнөк кылганы качан?

Арсен ошо тушка жеткенде эски тегирмен айланасын-да чакчалекей түшүп жаткан чабалекейлерге көзү түштү. Алардын бирөөлөрдөн жардам сурагандай аянычтуу чы-рылдап атышы анын оюн бөлдү. Тегирменге чукулдай бере, ал тегирмен ичине улам учуп кирип, учуп чыгып ат­кан жалгыз чабалекейге таңкалды. Ал чабалекей коп от­пой кайдадыр жок болду.

Аңгыча нарытадан келаткан Үсөн жете келди.

— Ой, бул чабалекейлерге бүгүн эмне болгон?—деди -ал да таңдана.

— Билбейм…

Экоо тегирмендин оозуна жете бергенде гана андан жылып чыгып келаткан зор жыланды көрүштү. Балдар­дын үрөйлөрү уча чочугандан кыйкырып ийишти да, ке-тенчиктей түшүштү. Жылан да аларды коро сала, тегир-тленден чыгып кетпей, ошо босого ченге ийрилип калды. Ача тили соймондоп, мойнун артка кержейте, эч ирмелбе-ген сүрдүү көздөрү менен балдарды теше тиктеди. Оозу-иун тегереги кызылала…

— Бул бирдеңке жеген экен…

— Эмне жеди экен?

Балдар эми жыланды олтүрмокко таш издей башта­ган кезде, тегирмендин жанында кайкып учкан алиги жал­гыз чабалекей кайра пайда болду. Ал тиги жыландан эч •коркпостон, жыланга эки кадамдай жетпей конду. Ошо тапта, чабалекейден чоңдугу бармак башындай, кумурска бел, буттары тарбайган бир кичинекей жандык болүнүп чыкты да, жыланды беттеди. Корее, аны чабалекей кичи­некей текеерүне мыкчый келген экен. Жылан да аны су-гунмакка оозун ачып, кышылдап, езуне жакындап келат­кан кичинекей жандыкты кездей козголду. Ошо учурда, алиги кичинекей жандык да жыланга бетме-бет келип токтоду. Айлана жым-жырт боло калды. Жылан ача ти-лин соймондотуп, кичинекей жандыкка мойнун созо бер­ген кезде, кичинекей жандык жыланга атылды. Жылан ошо замат жаны кейигендей ышкырып жиберди да, ошо жерде коломочтонуп, куйругун жерге чаап-чаап, не бир заардуу ышкырынып, пружинадай тоголоктошту, анан бет келди сойлоду. Ана, ал сойлоп баратып бир ташка урун-ду, андан бурулуп башка жакка сойлоп, бир түркүкко кептелди, андан бурулуп дүмүрго туш болду…

Чабалекей  кубангандай  ордунан   "чырр" кеторүлүп,

четке барып конду. А алиги кичинекей жандык тарбалан-дай басып, эски тегирмендин боору менен ееде жерголоп баратты.

Балдар, карайланган жыланга чукул келишкенде гана жыландын кездорү тостоюп, сыртка чыга түшкенүн ке-рүштү.

— Ой, эмне кылып жүресүңер бул жерде?

Балдар селт эте, жакын келип калган Самтыр карыя-ны керүштү да, ага болгонун болгондой, шашкалактап айта башташты.

— Ошол кичинекей жандык кана? — деп сурады карыя аягында.

— Тигине! — Балдар тегирмендин боору менен ееде жергелеп бараткан "баатырды" керсетүштү.

— Оо, бул чатыраш турбайбы!—деди карыя куба-на. — Ал чабалекейлердин чыныгы досу, жыландан кор-гоочусу! Анын буту тийген жер соо калбайт…

Кезу кор болгон жылан туш келди сойлоп улам бир ташка, кесекке уруна берди.

Карыя менен балдар тегирменге киргенде, шыптан жерге кулап түшкен чабалекейдин уясын керүштү. Алиги жылан тегирмендин түркүгүне оролуп ееде сойлоп, уяга чыгып барганы, аны кулатып түшүргенү, андагы баланан-дарды жегени айкын болуп турду.

Балдар менен карыя кайра сыртка чыкканда жылан анча деле узап кеткен эмес экен. Балдар эми жыланды таш менен ургулап елтүрмей болушту.

— Койгула!—деди карыя ошондо. —Ал ансыз да кор болуп калды.

Ой-пикирлер