Ай жаңыргандагы айтым
Ай көрдүм, аман көрдүм, Айдын мунарынан, Жердин кучагынан, жегилик дан, бир кыштык саман көрдүм. Жесирге жемиш, жетимге жеңиш, жалкоого мээнет, жалгызга эрмек, иштерманга кут, сараңга жут, ушакчыга ув, ак ниетке туш,
баарыга кайыл заман көрдүм. Айдан аман, жылдан эсен бололу. Келерки ушу күнгөчө өсүп-өнүп тололу. Бакылга тар, бапырга бар ай бол, Оомийин аллохуакпар!
- Сөөк өчтү
- Таман акы, маңдай тери
- Арбак урсун
- "Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр"
- Итенген сайын бир боорсок
Ой-пикирлер