Кирүү

Агыш

Агыш — эпизоддук кейипкер, Жеткир бийдин уулу, Кыястын атасы. А. Көкөтөйдүн ашында кытай балбаны "түктүү таман Түкүбайды" жыгып элге намыс алып берген каарман катары белгилүү. Башка каармандардан "Чыканактай эр Агыш, Бүткөн бою тарамыш" (Саякбай Каралаев, 2. 26), чакан боюна жык толгон кайрат-күчү, шайырлыгы, оюн-шоокту жакшы көргөндүгү, кыз жандуулугу "Чоң оюнчу кыз накыш Агышың жайы ушундай" (Саякбай Каралаев,2. 52) сапаты менен айырмаланып турат. Ашка Манас келе электе кыргыз баатырларын бирден сынаган Нескара А-тын балбандыгын, жоодон жалтанбас эрдигин, найзага ыктуулугун белгилейт. Түкүбай менен күрөшүүгө даап балбан чыкпай турганда Каныкей Түкүбайга жалгыз А. жарайт деп, төмөнкүчө сыпат берет:Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттүБалдагы жок кондуруп, Салып чыгып келатканАгыштай эрди көргөмүн...Керекке жарар эр экен, 39Кең пейил тууган шер экен (Саякбай Каралаев, 2. 52).Ашка келип зыйнатка турган элдин ичинен А-ты издеп таппай жүрүп ордо кыздарынын арасынан табышат. Күрөшөрүндө Манаска "камчы менен чаап жиберип этимди ачынтпасаң күлүп жүрө берем" дейт да, эки күн, эки түн Түкүбай менен күрөшүп күлүп жүрүп алат. Күлкүсүнө ачуусу келген Манас камчы менен аны томукка бир салганда гана ачынган А. Түкүбайды көтөрүп туруп, башынан айлантып балбан ташка чаап салат. "Бул байгеңди албаймын, Кыздарымдан калбаймын", — деп байгеге да карабай ордо кыздарды карай жөнөп кеткени А-тын өзүнө гана таандык кызык мүнөзүн көрсөтүп турат (Саякбай Каралаев, 2. 53—54). Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчыларынын катарында саналат. Кытайлар байгеге зордук кылганда колу менен Манаска кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 278).

Ой-пикирлер