Кирүү

Агыдай

Агыдай — кырк чоронун бири, далычы. Кырк чоронун катарында дайыма саналып, "Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү" (Сагымбай Орозбаков, 3. 49) делип сүрөттөлөт. Кээ бир эпизоддордо Манас жортуулга чыгарда ага атайы далы ачтырып, иштин кандай аяктарынан алдын ала кабардар болот, мисалы, Шоорук кан менен урушта (Курама варианты, 1. 138). Адамдар шаманизмге ишенген байыркы мезгилдерде далычылардын, төлгөчүлөрдүн, балчылардын коомдук турмушта таасири күчтүү болгон. Жортуулга чыгуу же чыкпоо сыяктуу зор маанилүү иштер алардын алдын ала айтуусуна ылайык чечилгени байыркы түрк-моңгол элдеринин тарыхынан белгилүү. А-дын далы ачуусу окуянын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизбегени менен эпосто төлгөчү кара Төлөк менен А. далы көрүүчү өзгөчө касиетке ээ адамдар катары эсептелип, ысымдары дайыма өнөрү менен бирге аталышы элдин байыркы ишеними менен байланышкан. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча А. Котон шаарынын башкаруучусу Ороңгу катындын аяры болот. Манас Кошой менен бирдикте Алты-Шаарды каратып келе жатканда, анын кабарын уккан Ороңгу 13 аярына бал ачтырат. Алардын ичинен А. далы ачып, Манастын Котонду багынтарын алдын ала айтат. Ороңгу коркуп качат, кошо үркмөк болгон элди А. акыл айтып токтотот. Өз ыктыяры менен баш ийген А-ды Манас чоро кылып алып, Алты-Шаарга бек дайындайт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 436-556-б.). Сагымбай Орозбак уулунда кээде Акдай деп айтылса (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 561-б.), Жусуп Мамайда Актай (Жусуп Мамайдын варианты, 1. 494) делет. Р. Сарыпбеков

Ой-пикирлер