Кирүү

Агрардык oнoр жай комплекси

Агрардык өнөр жай комплекси — айыл чарба продукциясын, азык-түлүк жана айыл чарба чийки затынан эл көп керектөөчү буюм чыгаруучу, алар менен калкты жабдуучу эл чарба тармактарынын жыйындысы.

Агрардык өнөр жай комплексинин негизги милдети — айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, өлкөнү азык-түлүк жана айыл чарба чийки заты менен толук камсыз кылуу, СССРдин азык-түлүк программасына ылайык жогорку түпкү натыйжаларды алуу үчүн комплекстин бардык тармактарынын күч-аракеттерин бириктирүү. Агрардык өнөр жай комплекси жалпысынан 3 чөйрөгө бөлүнөт:

  1. айыл чарба үчүн машина жана жабдуу (трактор, комбайн, мелиорация техникасын, мал чарбасы үчүн жабдуу ж. б.), ошондой эле тамак-аш өнөр жай, соода, коомдук тамактануу жайлары үчүн машина, жабдуу чыгаруучу тармактар; минерал жер семирткич, химиялык каражат, аралаш тоют чыгаруучу тармактар;
  2. айыл чарба өндүрүшү;
  3. айыл чарба продуктуларын кайрадан иштеп чыгуучу жана негизинен өздүк керектөөлөргө жумшалчу продуктуларды (азык-түлүк) чыгаруучу тармактар. Бул чөйрөгө эт, сүт, ун, микробиология, тамак-аш өнөр жай тармактары кирет.

Агрардык өнөр жай комплексине аталган чөйрөлөрдөн башка инфраструктуранын айрым звенолору (айыл чарба продукциясын даярдоо, ташуу жана сактоо системасы, өндүрүштүк тейлөө, айыл чарбанын жана аны менен өз ара байланыштуу өнөр жай тармагын материал-техника менен камсыз кылуу) да кирет. Агрардык өнөр жай комплекси бир нече деңгээлге бөлүнөт.

Эл чарба деңгээлинде ал айыл чарбанын өнүгүшү жана анын продукциясынын керектөөчүлөргө жеткирилиши кайсы тармактарга байланыштуу болсо, ошол тармактардын бардык жыйындысын камтыйт. Региондук (республикалык, облустук, администрациялык, райондо) агрардык өнөр жай комплекси тармактарды толук камтыбайт.

Ошону менен бирге агрардык өнөр жай комплексинин бардык деңгээли үчүн аракеттенүү мыйзам ченеми жана өнүгүү багыты жалпы бойдон кала берет. Өндүрүш каражаттарын чыгаруучу тармактарга (продукцияны кайра иштеп чыгаруучу жана сактоочу) жумшалчу ресурстардын үлүшүн көбөйтүү чаралары ушуга байланыштуу. Агрардык өнөр жай комплексинин бардык чөйрөсүн пландуу жөнгө салуу, өнөктөрдүн өз ара экономикалык мамилелерин өркүндөтүү айыл чарба өндүрүшүн мындан ары да жогорулатуунун маанилүү шарты болуп эсептелет. КПССтин агрардык саясатынын эң маанилүү милдети — ушул байланышты (биримдикти) күндөлүк иште камсыз кылуу.

Ой-пикирлер