Кирүү

Адептүү ырымдар

Адептүү ырымдар. Адамзат бул жарыкжана жалган дүйнөдөн кайтаарын бир кайтат. Демек, топурактан жаралса, топурак болуп, кайра топуракка барат. Биздин элдин ыйманында "өлдү, житти" өңдүү сөздөрдү аз айтат, же айтпай да коет. "Каза болду", "көзү өттү", "ааламдан көчтү" - деп сылык айтылат. Жантаазим болоор-дун алдында оозуна суу тамчылатат. Коз жумат. Мында иче турган суусу түгөндү дейбиз.
Көзү өткөндүн үстүнөн акаарат барбайт, кеп-сез, ушак айтуу-га, кемчилигин чукууга болбойт. Өздөрү туруп келип, ага жооп бер-бейт. Ал тууралуу бирдеме айтууга туура келсе, "Маркум", "Ра-матылык" деп, жалаң жакшы сапаттары эске келет. Бул - анын арбагын сыйлоо. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылуу кийинчерээк
чыкты. Ал акылсыздык. Кыргыз Атадан маркумду сыйлоодой эч бир элдерде болгон эмес.

Ой-пикирлер