Кирүү

Адам укугунун жалпы декларациясы

Адам укугунун жалпы декларациясы

1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генеральный ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларация Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын (расасы, жынысы, дини, тилине карабай адам

укуктарын, эркиндигин урматтоо, сыйлоо керек деп көрсөтүлгөн) өнүктүрүлүшү жана конкреттештирилиши болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттерге каршы күчтөрдүн жеңишинен улам түзүлгөн дүйнөлүк коомдук өнүгүүнүн өзгөчөлүгү, адам укугун коргоо боюнча эл аралык масштабда иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, эл аралык мамилелердин тарыхында биринчи жолу бардык мамлекеттер сактоого тийиш болгон, адам эркиндиги менен негизги укук маселелеринин чөйрөсү аныкталды. Фашизмдин согуш убагындагы адамзат мурда билбеген жырткычтыгы, адам укугун сактоо жана урматтоо тынчтыктын шартарында гана мүмкүн болорун көрсөттү. Декларацияда "ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин, укугун таануу, эркиндик, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот" деп жарыяланган. Декларацияга ылайык адамдын укук чөйрөсүнө инсандын элементардык укугун, граждандык, саясий, ошондой эле социалдык- экономикалык укуктарын жалпы урматтоо, сактоо кирет. Декларацияда инсандын элементардык укуктарынын ичинен эң оболу ар бир адамдын жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестиги (3-ст.) көрсөтүлүп, алар анын жоболорунда да толукталган. Атап айтканда, эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болбоого (4-ст.), эч ким бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого (5-ст.), эч ким зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого (9-ст.) тийиш. Инсандын элементардык укугуна, ошондой эле адамдын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна, турак жайына, эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар-намысы менен беделин коргоого (12-ст.) укуктуу жана ал адилдик соту тарабынан корголууга (8, 10-11-ст.) тийиш.

Ой-пикирлер