Кирүү

Абылай хан согушу 1775-76-жылдарда болгон

Орто Азияда Сары Арка, Түркестанды жердеген кыргыз, казакта алардын канынан саналган эр Эшимден соң (1620—30-жылдар) атактуу даңкы таш жарып, чоң болгон Абылай хан деп айтууга мүмкүн. Абылай хандын түп насили кадимки кан ичер Чынгыз ханга такалып, казакташып кеткен могол уругунан. Орус, Кытай падышалары менен байланышы болуп, калмакты жеңип, казак журту 1733-жылдан баштап орустун кол алдында саналса да, жери Сары Арканын кеңдигинен ар чачырап, казактын алыс тургандыгынан Абылай казакты өзүнчө мамлекет деп билип, өзүн анык хан санаган. Жана башка улуттар дагы ушундайча ойлогон. Абылай 1772-жылында бүткүл казакка хан болуп шайланып, 1775—76-жылдарда кыргызды каратып , 1781-жылында өлүп, Түркестан калаасында Түркестан аталган Кожоакмат Исунын (Ясави бощ со керек — Ред.) коргон күмбөзүнө коюлган.

Тарых камсадан:

Асан атанын сөзү деп, Абылай хандын бир вазири айткан85.

Мындан соң кыйлакыйла заман болор,

Заман азын, заң тозуп, жаман болор.

Карагайдын башыка чортон чыгып,

Балалардын даурени тамам болор.

О күндө карындастан кайыр кетер

Кандан күч, карагайдан чайыр кетер

Уул, кызың оруска бодан болуп

Кайран эл, эсил журтум, сонда кетер

Абылай хандын лашкер баштыктары: 1. Каманбай 2. Бердикожо. 3. Актанберди. 4. Алтыбай. 5. Ешмамбет. 6. Матай. 7. Айтмамбет. 8. Чөнкөй 9. Буура Кабантай. 10. Канжыгалуу Бөкөнбай.

Манас ошолордун заманында дагы айтыла баштаган. Булардын заманынан мурун Манастын айтылганы эч билинбейт. Бүткүл кабарда Манастын айтылмагы ошолордун карыган кезинде болгон.

Ой-пикирлер