Абдыкалык
Абдыкалык — эпизоддук кейипкер, Букардын каны Атемирдин жакын кеңешчилеринин бири. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Жакып Каныкейге куда түшкөнү барганда аны менен сүйлөшүп, ким экендигин билип, Атемирге келип айтат. Атемир Жакып менен кудалашып, анын уулу Манаска Каныкейди беребизби же бербей аны менен согушабызбы деп кеңеш курганда, А. согушкан менен кыргызды жеңе албайбыз, андан көрө калыңды көп сурап коркутуп качыралы деп кеңеш берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 362 — 376).
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Кадийча
- Табият таануу менен тарыхтын айкалышы
- Абий
- Калдык этносторду тукум курут кылуу
- Акча. Акчаны кантип иштеп табуу керек?
Ой-пикирлер