Кирүү

Абдилда Дөөлөт уулу

Абдилда Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — Манас" эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70-ж. "Манас" эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630инв.). Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы, Алмамбеттин аларга кошулушу, Алмамбеттин кеңеши боюнча Манастын Каныкейге үйлөнүшү, алардын (кыз-күйөөнүн) шаан-шөкөт менен Таласка көчүшү окуяларынан турат. А-нын айтуусунда Манас менен Көкчө таяке-жээн болгондугуна карабастан бири-бири менен эки-үч курдай согушат. Акыркы кармашта Манас оор жарадар болот. Кайта берип Көкала Алып келип Эр Көкчө, Манасты атып таштады. Чоң өпкөнүн жарымы жок, Боорунун теңи жок (АДВ, Кол жазмалар фондусу, 630-инв., 101-б.).Бул кабар Каныкейге жетет. Акылман, айлакер Каныкей нечен дарылар менен дарылап Манасты өлүмдөн алып калат. Ошентип, "жаккан отун өчүрүп, эки айча аерде жатып бу Манас, Каныкейди көчүрүп, сексен төөгө сеп жүктөп, анан Таласка келет экен" (Кол жазмалар фондусу, 630-инв., 109-б.).1970-ж. А-дан (көлөмү 32 бет) "Көкөтөйдүн ашы" жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630-инв.). Эпизод Көкөтөй өлүп, кара ашын берип, ага көк күмбөз (кээде ак күмбөз деп да аталат) салдырып, эми чоң ашын кантип беребиз деген кеңештен башталат. Көкөтөйдүн жалгыз уулу Бокмурун ашты Манаска башкартам деген чечим менен жайма көкүл жаш Айдарды Мааникерди мингизип, Манаска кабарга чаптырат. Баяндоодогу окуялар андан ары чиеленип, татаалданып өнүгө берет.

Атаңдын гөрү бул гулду, Карадан жорго жооруса, Кең Анжыян бозунда, Кан Гөкөтөй ооруса, Мында гандай чакыртпайт. Аладан жорго бөлгөндө, Алп Гөкөтөй өлгөндө, Мында кандай чакыртпайт. Гөкүмдүн суусун бурганда, Тавагын Ташкент кырганда Гөк күмбөзүн курганда Мында кандай чакыртпайт (АДВ, Кол жазмалар фондусу, 668-инв., 129—130-б.),— деп Манастын каары келип, жаш Айдарды жайлап, Мааникерди сойгула деп чоролоруна буйрук берет. Мындай кысталыш учурда акылман Каныкей: "Жаш Айдарды жайласаң, Мааникерди сойдурсаң мен башка эрге тийип кетип, катыны таштапкеткен Манас деген жаман аттыга калтырам, элге шылдың кылам" — дейт. Мындай жаман атты шылдыңдан чочулаган Манас кайра жазылып, жаш Айдарды коноктоп, ашка барууга макулдугун берет. Окуя ашка даярданып, Манас чоролорун ээрчитип, жолго чыгышы менен бүтөт. Аштын кандай өткөнү жана башка окуялар жөнүндө сөз болбойт. А-нын айтуусунда "Манас" дастанындагы туруктуу салт катарында саналган сүрөттөөлөр көркөмдүгү, маңыздуулугу жагынан көп манасчылардыкынан калышпайт. Бир топ манасчыларда туруктуу салт катарында тулпарларды сүрөттөө, алардын сын-сыпатын даңазалоо — негизги көркөм ыкма, формалардан болуп келген. Мындай салт, көркөм ыкма, форма А-нын "Манас" айтуусунда кеңири колдонулат. Өзгөчө Манастын Аккуласынын сын-сыпаты, сырткы көрүнүшү кадимкидей эргүү жана чеберчилик менен сүрөттөлөт:Аккуладай күлүктөн Карчытында шам күйөт, Каражал гулат кимдики. Томугунда шам күйөт, Тоодой гулат кимдики. Бул гулаттан кандай бенде гутулат? Кокустан чуркап бергенде Кайгылуу тайган ит жетпейт, Канаттуудан Кара ылачын куш жетпейт (АДВ, Кол жазмалар фондусу, 668-инв., 125-б.).Ж. Төлөев

Ой-пикирлер