Кирүү

Абак

Абак — этноним. Эпосто казак каны Көкчөнүн жана башкалар бир катар кейипкерлердин уруусу. Казак элинин эпикалык чыгармаларында да (казакча уак, увак) эр Көкчөнүн, анын баласы эр Косайдын уруусу катары сүрөттөлөт. Ишим талаасында жашаган уактар кийинки учурларга чейин өздөрүнүн түп атасы катары Көкчөнү эсептешип келген. Тарыхый уактар казактардын орто жүз курамындагы ири уруу. Абак аттуу майда уруу кыргыздардын чекир саяктарынын арасында да кезигет. 17-кылымдагы казак, кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүндө А. активдүү роль ойногон. АБАҢ, Абаңды талаа — топоним. Эпосто Чүй өрөөнүнүн аймагы катары баяндалат, к. Чүй.

Ой-пикирлер