Кирүү

Аалы Токомбаев. Жооп кат

Мен анда–байчечекей эселекмин,
Керилген жигит кезге жете элекмин;
Чырылдап, чымчык менен бирге чуркап,
Уянын саясынан кете элекмин.
Жаштыгым жеңип алып жетимдикти,
Закымдап учкан тентек көпөлөкмүн...

Сен анда иргелбеген алтын элең.
Сен анда алдейленген жаркын элең...
Андагы сен дагы жок, мен дагы жок,
Өзгөрдүк,
Ой ойлодук, турмуш терең.
Тереңдин шарын чачып, күүсүн тосуп,
Кай жерде качан сага койгом ченем?!
Иш өттү,
айып кимде?
Алда качан
Болбогон иш, бүгүн мени алдабасаң.
Сен үчүн отко түшөм деген болуп,
Мен үчүн солуган гүл кармабасаң!
Жүрөктүн назигинен пайдаланып,
Сөз менен, көркүң менен арбабасаң...

ТИЛ АЛСА

Табийгат, тагдыр тил алса–
Ак чабак болуп жаралсам.
Деңизден сүзүп, ойноктоп
Дем кылган жакка баралсам.

Күнөөсүз, кирсиз дүйнөгө
Энеден кайра төрөлсөм;
Көк чыбык кыркып ат кылып;
Көпөлөк издеп жөнөлсөм.

Табийгат мага тил алса–
Кызыл гүл болуп жайнасам;
Болбосо гүлдүн ашыгы–
Жаш булбул болуп сайрасам.

Көргөндүн көзүн алдырбай,
Мөмөлөр болуп тизилсем;
Адамдын колун сундурбай,
Алдына жайнап үзүлсөм.

Табийгат, тагдыр тил алса–
Мөл булак болуп ойносом;
Карарган жерин тазартып,
Калкыма кирди койбосом.

Ой-пикирлер