Аалы Токомбаев. Сизге
Көзүңдү карагаттай тиктегенде
Өзүмдү карегиңден көрөр элем.
Жалындуу илебиңе чыдай албай,
Жалбарып маңдайыңан өбөр элем.
Адашып азыр эле табышкандай,
Чекемди жүрөгүңө жөлөр элем.
Тиктешип ажырашпай турган кезде,
Сен дагы карегимде болсоң керек,
Элесиң ошол бойдон менде калса,
Ар качан болбос беле кымбат белек!
Күзгүдө карегимден сени көрүп,
Канагат кылбас белем жанга теңеп!
1936
- Жеңижок менен Наркүлбүбүнүн (Рыскүл) айтышы
- Сүйүнбай Эралиев. Кесир инсан
- Калыгулдун насыят, санат ырлары
- Токтосун Самудинов. Жарма
- Байтемир Асаналиев. Гүл кыстарат
Ой-пикирлер
2020-01-22 Адилет |
Мага жакты |