Кирүү

А. Орозбеков

А. Орозбеков

Орозбеков Абдыкадыр 1889-жылы, Фергана облусунун Маргалан уездинин Охна кыштагында тулуп,1938-жылы каза болгон. Ал мамлекеттик саясий ишмер катары Кыргызстанда совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (1927-37), 1909-1916-жылдары наабайканада жалданып иштеген. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн башталышына жигердүү катышкан. 1917-жылдагы Андижан шаарындагы нан бышыруучу ишкананын жумушчуларынын кыймылына жетекчилик кылган. Мастерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын Фергана профсоюз башкармасынын мүчөсү болгон. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл гвардия кошуунунун командири болуп туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын чет жакаларында коргонууну уюштурган. 1919-23-жылдары Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, Мархамат райондук комитетинин төрагасы, Маргалан уездик аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү. 1924-25-жылдары Ош округдук революциячыл комитеттин жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы, 1925-жылдан тартып, РКП нын округдук комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген. Кыргыз автономиялык облусунун облустук аткомунун 1 – пленумунда Облаткомунун Президиумунун төрагалыгына шайланган. 1937-жылы репрессияга кабылып, атылып кеткен. 1956-жылы реабилитацияланган. Түркстан Республикасынын Алтындын белгиси, Эмгек Кызыл туу ордени жана ысымы жазылган курал менен сыйланган. Анын ысымы менен Кадамжай районундагы Охна кыштагы, Бишкектеги көчө аталган.

Ой-пикирлер