Кирүү

1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук

Германия Россияга согуш ачыптыр деп элге коркунуч түшүп, не да болсо переселинге бир балакет болсо экен деп калды. Түрк согуш ачыптыр деген сөз угуп казак, дунган, өзбек, ногой, кыргыздын байманаптары анын жеңишин тиледи. Согуштан эки-үч айдан кийин Николай болуштарга буйрук чыгарып, ак эшикчи, кызыл чокторун жиберип, эл-журттан көбүнчө кедей-дыйкан, орто чарбадан согуш пайдасына назар (пожертвование) жыйып ала баштады. Бирин үчүн кылып, элден жыйып алганга машыккан иттей жойлоп көнүп калган байманап болуштар элден аёосуз салык алып турду. Байманаптар өздөрү салыкбер бестен, өздөрүнүн ордуна кедейлерге төлөттү. Жыйылган акчаны бүт бербестен орто жерден алып пайдаланып да жатты. Салык, ылоо, союш мурункудай бетер күчөдү. Элден жүн байпак, тебетей, шым жыйылды. Бербеймин деп каршылык кылгандар болсо согуш болуп жатканда падышага каршылык кыласың деп, уруп-согуп айыбы менен алып турду. 1915-жылы жакшы айгыр, ат, бээ чогултула баштады. Бул айтылгандарды кедей, кембагалдарга салды. Манап, бий, болуштардын зулумдугуна чыдай албай, бир далай болуштагы кедейлер, орто чарба дыйкандар бай, манап, болуштарга каршы чыгып, колунан өкмөтүн алмакка күрөштү. Маселен, атаке элиндеги кара чарба дыйкандар канчалык уруш-талаш кылып, байманап, болуш менен күрөшүп, акыры аларды жыгып, 1916-жылдын башында өкмөттү өз колдоруна алды. Ушул күрөштө төмөнкү таптар намысын талашып, жандан кечип, өлүмгө башын байлагандыктан жана кедей орто чарбанын укук-намысын тигил зулумдарга Карагоодо эки шайлаган. Калган старшиндик, элүү башылык, бийлик манаптарды орто чарбага алып берген.
1916-жылдын көктөмүндө согушка жиберүү үчүн эл-журттан таза ак үйлөр, кап, кийиз, аркан, ат жабуу, жем баштыктар жыйылып, булардын көбү кедей, кара чарбанын мойнуна түшкөн. Бул чогултуу 1916-жылкы кыргыздын көтөрүлүшүнө чейин созулду. Мынчалык оор эзилишке чыдай албай, баш тарткан кедейди бай, манап, болуштар уруп-согуп, айып алып турду. Катын-баласына бир үзүм нан таап бере албай, бардык нерсе кымбаттап турган чакта малайлыкка жалданып, көпчүлүк кедей кыйын шартта калган убакта окшошконго мушташкан дегендей, 1916-жылдын июль айынын башында согушка жумушчу күчүн бергиле деген буйрук келип жетти.

1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук.

Ой-пикирлер